Менин тажрыйбамда кыргызстандык жумушчунун укугун коргоп, жеке ишкананын жетекчисин түрмөгө отургузган учур да бар, – консул

Түштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандыктар бар жана алар менен байланышкан негизги көйгөй — бул мыйзамсыз жүрүү. Бул тууралуу кечээ, 21-октябрда АКИpress агенттигине Кыргызстандын Кореядагы ардактуу консулу Корее Ким Джонг Гу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарына Кореяда мыйзамдуу жол менен иштегенге жана жашаганга мүмкрүндүк берген эл аралык программалар бар. Бирок алардын көпчүлүгү мыйзамдуу убакыт бүткөндөн кийин ал жакта мыйзамсыз калып калышат.

«Көп учурда кыргызстандыктар бизге документтерин жоготкон учурда кайрылышат. Бул учурда биз аларга документтерин орнотконго жардам беребиз жана жумуш берүүчү тараптан эмгек акы төлөө шарттарынын сакталуусуна көмөк көсөтөбүз. Менин тажрыйбамда кыргызстандык жумушчунун укугун коргоп, жеке ишканалардын биринин жетекчисин түрмөгө отургузган учур да бар», – деди ардактуу консул.