Биринчи май РИИБдин аймактык тескөөчүсү зордуктоо кылмышына шектелген бишкектик тургунду кармады

 Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы Биринич май райондук ИИБдин аймактык тартип сакчысы зордуктоого шектелген адамды кармагандыгын маалымдады.

Анын маалыматына караганда, укук коргоо органдарына Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну Л.Инна кайрылып, аны белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын жана ага карата чара колдонууну суранган.

«Притон, Барсетка» текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи май РИИБдин аймактык тескөөчү инспектору аталган зордуктоо кылмышына шектелген 33 жаштагы бишкектик тургунду кармады.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштери жүрүүдө.

кылмыш1