нарын

  Бириккен Улуттур Уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өткөн жылда жалпысы 1,3 миллион доллар каражат сарпталган. Бул тууралуу долбоордун менеджери Бакыт Шерипбаев билдирди.

-Бул программанын негизинде облустагы 30 айылда жалпысы 75 кичи жана бир ири долбоор боюнча иштер жасалды. Же болбосо программанын агроишкердикти өнүктүрүү багыты боюнча 32 долбоорго 10,7 млн. сомдук, жергиликтүү демилгелерди колдоо багытынын 43 долбооруна 16,8 млн.сомдук гранттык каржылоо жасалды. Кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн 4 лицейге 4,4 млн.сомдук тигүү жана ашпозчулукка керектүү жабдыктар, 1,7 млн.сомго усулдук окуу китептери, 168 жакыр үй-бүлөлөргө 1,4 млн.сомго 31,5 тонна картошка үрөнү жана 288 жакыр бүлөлөргө 4,7 млн.сомго 720 баш кой сатылып берилди. 6 ветеринардык тейлөө жайлары уюштурулуп, алар 550 миң сомдук жабдуулар менен камсыздалды,-деп билдирди Б.Шерипбаев мырза.

БУУӨПтүн «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» боюнча программасы үчүн 2014-2015-жылдарга карата Орусия Федерация өкмөтү тарабынан 3,5 млн АКШ долларлык грант келген. Ага ылайык Нарын облусунун 3 районунан 30 айыл пилоттук алкакта камтылган. Долбоордун мөөнөтү 2015-жылдын аягында аяктайт.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу