Аманбай Кайыпов1

 БУУӨПтүн «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» боюнча программасынын менеджери Бакыт Шерипбаев атайын таңдалып алынган бир катар айыл аймактарда белгиленген жумуштар аткарылбай калгандыгын белгилейт.

-Чындыгында кээ бир айыл өкмөттөр үчүн биз чуркаганга аргасыз болдук. Маселен өткөн жылы ушундай аракеттерге карабастан 4 долбоор башталбай калды. Бул багытта облустук, райондук жергиликтүү бийликтер да жардам беришсе жакшы болот эле,-дейт Б.Шерипбаев мырза. Жагдайга облус жетекчиси толук кандуу макул.

-Карасак Жумгал районунда иш солгун экен. Эми тапшырмалар берилди. Албетте долбоорго кирген айылдардын ордун башка айылдарга алмаштырганга болбойт экен. Бирок ПРООН (БУУӨП) келишим түзбөй коё алышат. Ошондуктан биз дагы алардын позициясын колдоп жатабыз,-деген жообун келтирет Аманбай Кайыпов.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу