жалалабад шаары

КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өзүн өзү  башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин Жалал-Абад шаарындагы коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Нурали Абыловичти шаарыбызда жашап жаткан көп улуттуу элибиздин бири-бирине болгон мамилеси жана элдин ынтымагы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп сөзгө тарттык .

Нуралы Абылович, айтсаңыз, сиз жетектеп турган ушул агенттик качан, кандай негизде түзүлдү. Бул агенттикти түзүү эмненин зарылдыгынан келип чыкты?

-Бул агенттик КРнын Президенти А.Атамбаевдин Жарлыгыны негизинде 2012-жылы түзүлгөн. Замандын, мезгилдин талабына жараша, улуттардын достугун чыңдоого, бекемдөөгө жана ар түрдүү этностор менен ынтымактуу жашоого, байыртадан келе жаткан кыргыздардын ж.б. элдердин көөнөргүс салттарын сактап, улуттардын бири-бирине болгон урматтоолорун чыңдоого өз салымыбызды кошсок деген ниеттеги  зарылдыктардан келип чыкты.

-2010-жылдагы кагылышууда эки улутту бири-бирине каршы коюп пайда  көргөн адамдар бар деп ойлойсузбу?

-Союз тарагандан соң, бийликтин жүргүзгөн саясатындагы  кетирген кемчилдиктеринен улам, айрым күчтөрдүн туура эмес иш тутумунан, ошондой эле бузуп жаруучулуктан, калпыс түшүнүктөрдөн, популисттик көз караштардан келип чыккан жаңжал, чыр-чатактар баарына эле маалым. Жыйынтыгы эмне болду. Бейкүнөө жарандарыбыз курман болушту, короо-жайлар өрттөлдү, жана көптөгөн жаман иштер болуп кетти. Кудай жалгап, бийликтин жүргүзгөн иш-аракеттеринен оң жыйынтык чыгып, көрөңгөлүү кыргыз, өзбек улуттарынын сабырдуулугунан, караңгыдан жол тапкан кадырлуу  аксакалдардын кеп-кеңештерин туура кабыл алган татыктуу жана билимдүү жаштардын арбын экендигинен улам кылым карытып, кошуна жашап келе жаткан эки бир тууган элдин ортосунда тынчтык орноду.

Ушул кагылышууда карапайым элдин күнөөсү барбы?

-Эч кандай карапайым элдин күнөөсү жок. Бул жерде биз туура түшүнүшүбүз керек, “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, ниети бузук бир ууч адамдардын кесепетинен ушундай жаман иштер болуп кетти. Бирок, элдин кээ бир бөлүгү ошол чагымчылыкты уюштурган адамдардын сөздөрүнө ишенип, алданып калды деп ойлойм.

Деги эле ушундай кагылышууну болтурбоо үчүн сиз жетектеген агенттик кандай иш-чараларды аткарып жатат жана ушул аракетиңер оң жыйынтыгын береби?

-Оң жыйынтыгын берсин деген максатта иш жүргүзүп  жатабыз. Салыштырмалуу айтканда, ооруну  өөрчүтүп өтүштүрүп, аман болбой калганда  дарыгерге кайрылуунун  ордуна, ошол оорунун (дарттын) алдын алып жүргөн алда канча пайдалуу эмеспи.

КРнын Президентинин 2012-жылдын 1- февралындагы №24- “КР коомдук коопсуздукту бекемдөөнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө” токтомун аткаруу алкагында КРнын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы КРнын улуттук саясатынын мамлекеттик Концепциясынын долбоору жөнүндө” токтомун аткаруу алкагында КРсында Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы иштелип чыкты. Ошонун негизинде Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарында жана Ош шаарында 14-коомдук кабылдамалардын кызматкерлеринин  милдеттери жана негизги ишмердүүлүк багыттары белгиленди. Алар бүгүнкү күндө  иштеп жатышат.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь айында коомдук кабылдамалар ар түрдүү улуттун жарандары түрдүү суроолор менен кайрылышкан  жана алардын суроо, өтүнүчтөрү канааттандырылып, тиешелүү жардамдар берилип жатат.

Дагы айта кетчү жагдай, дүйнөдөгү болуп жаткан окуяларды  үналгы, сыналгы, массалык маалымат каражаттарын угуп, көрүп жатабыз. Афганистан, Сирия, Украина  мамлекеттеринде абал жакшы болбой жатат. Ошондуктан, кооптонуу жок эмес бар. Ушундай түзүлгөн жагдайлардан  улам, президентибиз А.Атамбаев улуттар аралык мамилени достукту  чыңдоо боюнча алгылыктуу иш-чараларды жүргүзүүгө колдоо көрсөтүүдө

Нуралы Абылович, агенттиктин алдындагы иш пландары туурасында да айта кетсеңиз?

-Коомдук кабылдаманын 2015-жылга иш планы түзүлүп, 2014-жылдагы жүргүзгөн иштери боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясына маалымат берилди жана мэриянын аппараттык кеңешмесинде шаардык мекеме ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилеринин катышуучусунда  жыйын болуп өттү.

Январь  айында атайын график менен шаардын бардык аймактык башкармалыктарында  күч органдарынын өкүлдөрүнүн, шаардын мечиттеринин имамдарынын, мэриянын  аппараттарынын кызматкерлеринин  жана албетте, шаардын тургундарынын катышуусунда  “Диний экстремизмдин  алдын алуу” деген темада жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда динге кирген жаштарга жана жалпы эле жарандарга исламды туура түшүндүрүү, Сириядагы согушка катышууга үндөгөндөргө ишенбөө тууралуу ой пикирлер , сунуштар айтылды. Жарыш сөзгө чыккандар, башка мамлекетке  чыгып кетип жаткан адамдарды тиешелүү органдардын өтө дыкат текшерүүсүн жана күнөөлүлөрдү (жалган документ жасаткандар ж.б.) мыйзам чегинде катуу жазаланышын өтүнүштү.

Агенттик тарабынан уюштурулган мына ушуга окшогон жолугушуулар, түшүндүрүү иштери жана жаштарга диний сабатсыздыкты жоюу боюнча көптөгөн иш аракеттерди  жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүктүн жетишинче иш жүргүзүп жатабыз.

“Жакшы ниет жарым ырыс” демекчи. Биздин асыл ой максаттарыбыз, келечек пландарыбыз жакшы жыйынтыктарды берет деген үмүтүбүз бар.

-Маегиңизге рахмат.

Мейманбу АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу