Нарын шаарына кире бериш аймакка атайын Арка орнотуу чечиле элек




Өткөн жылы Нарын облустук өкүлчүлүгү облустагы архитекторлор арасында белгилүү мерчемдүү жерлерге атайын Арка белгисин орнотууга сынак жарыялаган эле. Жыйынтыгында биринчи орунга татыктуу деп табылган архитектордун эмгеги Нарын облусунун чек арасы болгон Кубакы ашуусуна, ал эми экинчи орунга татыган Арка Нарын шаарынын кире бериши болгон Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы Кара-Бүк деген эки айрылыш жолго коюлмай болгон. Бирок азырынча Арканы орнотууга шарт-шаани боло электигин шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов билдирди.
-Биз биринчиден архитекторлорго кайрадан тапшырма бердик. Себеби, Арканы дагы иштеп чыгуу зарыл болууда. Экинчиден, аны орнотууга демөөрчүлөрдү издеп жатабыз,-деди А. Суранов мырза.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу

Leave a Reply