Тармактык комитетте КТРКнын Байкоочу кеңешининин мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралды
13-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйыны болду.
Жогорку Кеңештин 2014-жылдын 9-октябрындагы токтомуна ылайык, жеке арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Эрнис Абдыжапаровдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Ага байланыштуу, комитеттин бул жолку жыйынында 2012-жылдын 18-апрелиндеги N 1850-V “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе каралды.
Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиевдин маалыматы боюнча, КТРКнын Байкоочу кеңешинин бошогон кызмат ордуна тиешелүү тараптардан талапкерлер боюнча сунушутамалар келип түшкөн. “Жаштардын укук коргоо тобу” коомдук уюмунун адиси Венера Стамалиеванын, “Бирдиктүү көчмө миграциялык борбор” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Тимур Алхожоевдин, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика факультетинин деканы, филология илимдеринин кандидаты Алтын Асанованын талапкерлиги сунушталган.
Жыйын жүрүшүндө талапкерлер өздөрүнүн иш-максаттары менен тааныштырып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Талапкер А.Асанова КТРКдан берилген маалыматтардын ар тараптуулугун камсыздоо, редакциялык саясатты жакшыртуу, КТРК ишмердүүлүгүнө ырааттуу түрдө мониторинг жүргүзүү сындуу максаттары менен бөлүштү.
Комитет мүчөлөрү Байкоочу кеңешке журналист кесибин даярдаган окумуштуунун талапкерлиги коюлуп жатканына токтолушуп, Жогорку Кеңештин кароосуна КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө А.Аснованын талапкерлигин сунуштоо чечимин кабыл алышты.
Белгилей кетсек, аталган комитеттин 2011-жылдын 11-ноябрындагы чечимине ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешининин мүчөлүгүнө сынак 18-ноябрында “Эркин-Тоо” гезитине сынак жарыяланган деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply