М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик мемориалдык үй-музейинде бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгына арналган «Чейрек кылым өлкө башында» аталышындагы сүрөт-көргөзмө ачылды.АКИpress агенттигине музейдин улук илимий кызматкери Касиет Тилекматова билдиргендей, көргөзмөгө, Т.Усубалиевдин башкаруусу жылдар аралыгында мамлекеттүүлүктүн бекемделүү ролу тууралуу сүрөтдокументалдык материалдар коюлду.

«Т.Усубалиев республиканы башкарып турганда, Өкмөт үйү, «Манас» аэропорту, М.В.Фрунзе атындагы үй-музей, Улуттук китепкана, Мамлекеттик цирк, Тарых музейи сыяктуу объектилер ишке киргизилген», – деди ал.

Ошондой эле, ал белгилегендей, Т.Усубалиев көптөгөн китептердин жана жыйнактардын автору, алар да көргөзмөгө коюлду.

1

2

3

4

5

Т.Усубалиевдин ата-энеси

6

7

8

9

10

11

12

13