саралинов1
 Кыргызстанда бюджеттен спортко бөлүнгөн каражат, Россиянын 8 олимпиадачысынын акчалай сыйлыгына барабар. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда «Республика» фракциясынын отурумунда Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов билдирди.

«Жыл сайын Каржы министрлиги спортко 450 млн сом бөлөт. Бул каражаттар Россиянын 8 олимпиадачысынын акчалай сыйлыгына барабар. 450 млн сомдун 150 млн сому гана спорттун өзүнө жумшалат. Калган каражаттар эмгек акыларга, чарбалык муктаждыктарга жана башкаларга сарпталат»,- деди ал.

Ошондой эле, Саралинов, негизги чогултуулар биринчи жарым жылдыкта болгон учурда, Каржы министрлиги экинчи жарым жылдыктан каражат бөлүп жаткандыгына нааразыланды.