Кыргызстан өзүнүн тарыхында биринчи жолу «кедей мамлекет» деген белгиден кутулду, – УСИИ жетекчиси Т.Султанов
Анын айтымында, Кыргызстан бир жыл мурун, Нигерия жана башка бир топ африка өлкөлөрү кирген топтун катарында болчу. Азыр Кыргызстан, Индия, Монголия жана Грузия сыяктуу мамлекеттер кирген топко кошулган. «Ошондуктан мен биздин экономикалык көрсөткүчтөр, иштердин чыныгы жагдайын чагылдырып турат деп ойлойм. Аларда көптөргө адат болгон кооздоо жок»,- деди Султанов.
УСИИ жетекчиси белгилегендей, Каржы министрлиги 2014-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү, бекитилген 6,9% ордуна, өнөр жайдын, айыл чарбанын жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү өсүү темпинин жайлагандыгынан улам 4,5% деңгээлде күтүлүп жаткандыгын билдирген. «Бирок бул жерде башка нерсе маанилүү. Белгилүү болгондой былтыр Кыргызстан ИДП өсүшү боюнча КМШ мамлекеттерин артка калтырды. Бул жылы бул тендеция, жакшы эмес ички шарттарга (кургакчылык, митингдер ж. б.) карабастан бекемделди, өсүүнүн траекториясы гана жайлады. Бирок УСИИнин максаттары — амбициялуу жана биз аларга жетишүү үчүн катуу иштешибиз керек. УСИИнин максаты — бул 2017-жылга калк башына ИДПны эки эсе жогорулатуу. Мисал катары Түштүк Кореяны келтирүүгө болот. Ал 20-30 жылдын ичинде эң кедей мамлекеттердин тизмесинен, эң бай өлкөлөрдүн катарына көтөрүлө алды. Бул жерде керемет жаратып жиберген рецепт болгон жок: буга эмгек жана корейлердин билими гана мүмкүндүк берди. Биздин келечек биздин колубузда. Кандай иштесек ошондой жашайбыз»,- деди ал.


Leave a Reply