Кыргызстанга 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынан кийин Америка Кошмо Штаттарынын элчиси болуп келген Памела Спратлен элчи катары кызмат кылуу мөөнөтүнүн аягында кечээ, 4-декабрда КТРКга маек курду.

Маектешүүнүн жүрүшүндө элчи АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы байланыш, кызматташуунун мындан аркы уланышы, Кыргызстандын биримдиктерге кирүүсүндөгү АКШнын Кыргызстанга болгон көз карашы, АКШнын авиабазасынын Кыргызстандын аймагынан чыгарылышы сыяктуу бир катар суроолорго жооп берди.

Памела Спратлен өз сөзүндө Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын демократия багытындагы жолун жогору баалоо менен демократтык өнүгүү, коопсуздукту чыңдоо сыяктуу тармактар боюнча дайыма колдоо көрсөтө тургандыгын жана президент Алмазбек Атамбаевдин реформа жүргүзүү аракеттерин колдой тургандыгын белгиледи.

«Бул маек менин элчи катары кызматташуумдагы соңку маегим болчудай. Мен Кыргызстанга 2010-жылдын апрель жана июнь айларынан кийин келгем. Мен иштеген 3 жыл аралыгында эки тараптуу бекем карым-катнаш түзүлдү. Андан бери Кыргызстанда оң өзгөрүүлөр болду. Кыргызстан учурда А.Атамбаевдин жетекчилиги алдында өсүп-өнүгүү жолуна түштү. Ошондой эле, биздин эшик сиздер үчүн дайыма ачык экендигин айткым келет», – деди элчи.

АКШнын авиабазасынын Кыргызстандын аймагынан чыгарылышы жөнүндө АКШ Кыргызстандын эгемен укугун жана чечимин сыйлайт, деп белгиледи.

«Кыргыз президенти жана парламенти келишим мөөнөтүн бүтөөрдөн бир жыл мурун эле базаны чыгаруу чечимин кабыл алганын билесиздер. Кыргызстандын эгемен укугун жана чечимин сыйлайбыз. Авиабазаны чыгарууну уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн Кыргызстандын Өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз. Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук маселелери, албетте кала берет. Ошондой эле, коопсуздук жаатында кызматташтык үчүн да сиздердин Өкмөткө ыраазычылык билдиребиз», – деп кошумчалады Памела Спратлен.

Булак : Баракелде