Куткаруучулар Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүндөгү эшиги жабылып калган үйдөн 35 жаштагы жарандын жансыз денесин табышты

 Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан турак үйдүн ичинен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 5-ноябрда саат 11:55те ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №1 үйдүн 116-батиринин жабылып калган эшигин ачып, 1979-жылы туулган В.В.Фрезенин жансыз денесин табышкан.

Табылган дене Свердлов райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.