орт Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүнүн №143 дарегиндеги 6-батирде электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам өрт чыгып, үйдөгү буюмдар күйүп кетти. Бул үйдө ижарачы Мухамед Мамтаз жашап жаткан.

Ошондой эле, электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушунан улам Абдрахманов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде «Тайота-Виста» үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру D99-00 D болгон автоунаанын мотор отсеги күйүп кетти. Маалыматка ылайык, аталган унаа И.Усубакунов аттуу жаранга таандык.