КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин Бишкек арак-ликер заводуна тиешеси жок
Кыргыз Республикасынын 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин ишинин аяктап бара жатышы айрым күчтөрдү тынч уктатпай жатат. Ачык эле каралоолор башталды.
Анын мисалы КСДП парламенттик фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Бишкек арак-ликер заводун жармаштыргандар кыймылдай баштады. Аталган ишкананын мурдакы «кандуу» бийликтин учурундагы«көмүскө» кожоюндарынын «табакташтарын» анын мыйзамдуу аукциондо сатылышы тынч уктатпай келүүдө.
Ч.Турсунбеков буга чейин да, мындан кийин да Бишкек арак-ликер заводунун рыноктук мамиле алкагында аукциондо сатылышына тиешеси жоктугун билдирет. Акыркы учурда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан Ч.Турсунбеков Бишкек арак-ликер заводун С.Ибраимовго 6 миллион АКШ доларына сатты деген мааалымат чындыкка коошпойт. Буга байланыштуу депутат жалган мааалымат тараткандарды сотко берерин билдирет.
Ч.Турсунбеков сөз эркиндигин сыйлаарын, биздин өлкөдө эч адам өз пикирин бирөөгө таңуулай албасын эскертип, ошол эле учурда көчө ушагынын деңгээлинен чыга албаган оппоненттерин саясый күрөштө саясий маданияттуулукка чакырат.
КСДП фракциясынын секретариаты


Leave a Reply