деп жолуг1

5-февралда Жогорку Кеңешке экскурсияга келген Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин окуучулары Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев, Айнуру Алтыбаева жана Заирбек Жоошбеков менен жолугушту.

Жолугушууда эл өкүлдөрү мыйзам чыгаруу бутагынын ишмердүүлүгү менен таанышууга келген окуучуларды кубаттоого алышты. Депутаттар мектеп окуучуларынын мамлекетти өнүктүрүүдө бийлик бутактарынын жасап жаткан иштеринен кабар алганы келишинин өзү балдардын өлкө тагдырына кайдыгер карабаган мамилеси катары кабыл алышты.

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев “Себат” лицейлери коомдо өз ордун тапкандыгын, ар кайсы сабактар боюнча эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алып жүрүшкөндүгүн белгиледи.

Өз маалында  мамлекет тарабынан “Себат” лицейлеринин ачылышына колдоо көрсөтүлүп, жыйынтыгы үзүрлүү жемиш бергендигине депутат Заирбек Жоошбеков токтолсо, депутат Айнуру Алтыбаева лицей окуучуларына парламенттин ишмердүүлүгүнөн азыноолак кеп кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө лицейдин окуучулары чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына окууга, мектепти мыкты бүтүргөн, бирок ата-энесинин окутууга мүмкүнчүлүгү жок балдарга мамлекет тарабынан кандай көмөк көрсөтүлөөрү боюнча суроолорду беришти. Ошону менен катар өлкөдөгү потенциалдуу кадрларды сактап калуу, алардын чет өлкөлөргө чыгып кетишин токтотуп калуу мүмкүнчүлүгү суралды.

Кадрларды сактап калуу, социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын көтөрүү көйгөйлөрү учурдагы актуалдуу маселелер экенин жооптогон депутат Айнуру Алтыбаева бийлик бутактарынын көңүл чордонунда экенин, аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Депутат К.Осмоналиев балдарды чет өлкөлүк ЖОЖдорго окуусу боюнча калктын аялуу катмарынын мыкты окуган балдарына арналган атайын программалар, чет өлкөлүк ЖОЖдорго акысыз окууга квоталар сындуу бир катар жолдорду тизмектеди.

Ошону менен катар эл өкүлдөрү лицей окуучуларына кайдан гана билим албасын, алган билимин өз мекенине жумшоого, мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө үндөп, кең келечек каалашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.