Жогорку Кеңеш жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү тууралуу Өкмөттүн маалыматы боюнча тиешелүү токтом кабыл алды
5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында 2015-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга КР Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган жазгы талаа иштерине байланыштуу министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Алдыдагы жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө КР Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянтын 1185,2 миң гектарга чейин жеткирүү белгиленген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 миң гектарга көптүк кылат. Булардын ичинен дан эгиндери себилүүчү аянт 634,3 гектарга айдоо пландаштырылууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27 миң гектарга кыскарышы күтүлүүдө. Бул төөбуурчакты, пахтаны эгүүнү азайтууга жана жүгөрү жана тоют өсүмдүктөрү, жашылча, картошка себилүүчү аянттардын өсүшүнө байланышкан.
Үрөн боюнча жазгы себүүгө 29 миң буудай үрөнү керектеле турган болсо азыркы тапта, 24,35 миң тоннасы (84%) даяр. 28 миң тонна арпа керектелсе, анын 69% даяр. Техникалык даярдыктардан 83% же республика боюнча 21098 трактордун 17851и азыркы күнгө даяр.
Ал эми айыл чарбасын колдоо максатында “Айыл чарбасын каржылоо 3” долбоору иштелип чыгып, тиешелүү министрликтер менен макулдашуудан өтүп жатат.
Чарбакер субьектилер үчүн 340,8 миң тонна минералдык жер семиркичтер: 200 миң тонна азоттук, 129 миң тонна фосфордук, 11,7 тонна калийдик минералдык жер семиркич талап кылынат. Бул багытта өткөн жылдагыдай эле келишимдер түзүлүп жатат. Жазгы айтап себүүгө керектеле турган 40 миң тонна дизелдик майдын 34 миң тоннасы азыр даяр.
Талкууда эл өкүлдөрү чакан кооперативдер кыйла ийгиликтүү иштеп жатканын, андыктан жеке чарбаларды ирилештирүү зарылдыгы, механизациялаштырылган техникалык станцияларды түзүү чараларын колго алуу, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн түшүрбөө максатында, жерди которуштуруп айдоо зарылдыгы, суугат сууларынын жетишсиздиги маалында жаадырып сугаруу ыкмасын кеңири жайылтуу сунуштарды айтышты.
Соңунда «Кыргыз Республикасында 2015-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө» Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиевдин маалыматын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алышты. Депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында ирригациялык системаларды оңдоп-түзөөнү 1-кезекте каржылоо, үрөн чарбаларынын ишин уюштуруу, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү сындуу бир катар тапшырмалар берилди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply