proekt1

Быйыл Кыргызстандын энергетика тармагынын негизделгенине 80 жыл толду. Келе жаткан кой жылын утурлап, оптимиcттик маанайды жараткан кеп куруу үчүн КР Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетовго кайрылдык.

– Батыркул Исаевич, КР Президенти Алмазбек Атамбаев энергетиктерди куттуктап жатып, калкыбызды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, бул тармакта ири долбоорлор жүзөгө ашырыла баштаганын айтты. Кеп кезегин ушунун тегерегинде улантсак.

– Жакшы болот. Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери 2010-жылга чейин 19 жыл аралыгында 369 млн. долларды энергетика тармагына сарптады. Тактап айтканда, сырттан келген грант, кредиттерди коңшулаш өлкөлөргө энергетикалык көз карандылыктан кутулууга жумшадык. Анткени, Союз учурунда Орто Азия Республикалары Казакстан менен кошо бир энергетикалык тутумда элек. Өлкөбүз көз карандысыздыкка жетишүүнүн акыркы этабына “Датка” долбоорун бүтүрүү менен чыгып жатат. Быйыл 500 кВттык “Датка” жана “Кемин” подстанциясы ишке берилди. Эки подстанцияны туташтыруу жумуштарынын көпчүлүк бөлүгү бүттү. Кудай буюрса, “Датка-Кемин” долбоору 2015-жылдын август айында иштей баштайт деп турабыз.

– Айтыңызчы, 2010-жылдан бери энергетика тармагына инвестиция тартуу жумушу кандай жүрдү?

– Болжолдуу айтканда, 2010-жылдан бери энергетика тармагына 3 млрд. долларга жакын инвестиция тартылды. Албетте, бул жерде Президентибиз Алмазбек Атамбаев, Өкмөт башчыбыз Жоомарт Оторбаев жана биздин министрликтин албан аракеттери жатат. Саясий чечимдер дагы болду. Негизи, өлкөбүздө электр энергияга эң ылдыйкы тариф сакталса инвесторлордун келишине шарт жок. Анткени, мындай тариф менен инвестор биздин тармакка салган акчасын нормативдүү 8 жыл эмес, 20 жылда да кайтарып ала албайт. Ошондуктан, өлкө жетекчиси өзү киришип жатып, Россиядан, Кытайдан ж.б. мамлекеттерден инвестициялар келди. Азыр тармакта 16 стратегиялык чоң объекттин курулушу башталды. Мурда подстанцияларды куруу, жогорку чыңалуудагы чубалгыларды тартуу, капиталдык ремонт жасоо, жаңы тетиктерди сатып келүү жана башка жумуштар жүргүзүлүп келген. Учурда электр энергияны иштеп чыгаруу, аны бөлүштүрүп сатуу тармактарын өнүктүрүүгө өттүк. Мындай аракеттердин натыйжасында электр энергияны жоготуулар азайып, аны менен камсыз кылуу сапаттуу боло баштайт.

– Жасалып жаткан иштер боюнча тагыраак айта кетсеңиз?

– Нарын дайрасынын жогорку жагында курулуп жаткан 4 ГЭС бүткөндөн кийин 237,7 мегаваттка чейин электр энергия өндүрүлөт. Ал эми “Камбар-Ата – 1” ГЭСи бүтсө, долбоор боюнча 1900 мегаватт кубаттуулук ишке кирмекчи. Бирок, бул ири курулуш 7-8 жылда бүтөт. Азыр Кара-Кечедеги көмүр чыкчу жердин жанына курулуучу жылуулук электр станциясынын (ЖЭС) кубаттуулугу 1200 мегаватт болуп, Токтогул ГЭСи менен теңдеш электр энергия өндүрүлмөкчү. Муну менен өлкөбүздүн түндүгүн электр энергиясы менен камсыздоону стабилдештиребиз. Алынган ЖЭСтин ТЭНин даярдоого 3 млн. доллар бөлүнүп, азыр долбоор иштелип жатат.

– Ири долбоорлордун ишке аша баштаганы жакшы. Биздин өлкөнүн бийик тоолуу шартында чакан ГЭСтерди да өнүктүрсөк болобу?

– Албетте, бүгүнкү күнгө чейин чакан ГЭСтерди курууга өбөлгө болчу мыйзамдык негиздер түзүлүп бүттү. Чакан ГЭСтерге 2,1 деген максималдуу тарифке коэффициент коюлат. Мисалы, бир чакан ГЭС 8 жылда өзүн-өзү акташ керек. Андан кийин ага нормативдик рентабелдүүлүк коюлуп (мүмкүн 15%), ишкер же инвестор 100 жыл иштетсе болот. Жакын арада буга чет өлкөлөрдөн келген жана өзүбүздөн чыккан инвесторлор көп тартылат. Анткени, электр энергиянын 13-14 жылдан бери былк этпей турган тарифи көтөрүлдү. Көтөрүлгөн баа негизинен кыш айларына гана туура келет. Себеби, 700 киловатт/саатты кыш айларында мелүүн жерде октябрдан-мартка чейин, ал эми Нарын жергесинде узагыраак колдонушат. Ага чейин ар бир үй-бүлө 300-400 киловатт/саат гана электр энергия колдонот. Кыш айларынан сырткаркы мезгилдерде 1 киловатт/саатка 70 тыйындан эле төлөнөт. Ошондуктан, көпчүлүк эл бааны дээрлик мурунку бойдон эле төлөй беришет десек болот. Ал эми кышында электр энергияны көп колдонгон абонент 700 киловатт/сааттан ашса, анда 2 сом 5 тыйындан төлөйт.

Буюрса 3-4 жылдан кийин кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болуу менен энергетика тармагындагы зор ийгиликтер башталат. 1991-жылдан бери Кыргызстан 14 млрд. киловатт/саат электр энергия өндүрүп келди. Жогоруда айтылган долбоорлор ишке кирсе, биз ушул чекти дагы жогорулатабыз. Анда электр энергия менен өлкөбүздү камсыз кылып гана чектелбестен, экспорттой да баштайбыз. Ушулардын бардыгы эртеңки күнгө карата оптимисттик маанай жаратат.

– Энергетиктердин майрамы эмне үчүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүлбөй калды?

– Энергетиктердин майрамына жакшы эле даярданып жатканбыз, бирок суунун аздыгы менен электр энергиянын өзүбүзгө жетпей калышынан майрам өткөрүүгө моралдык укугубуз болбой калды. «Датка-Кемин» 500 кВт жогору чыңалуудагы чубалгыларды эки подстанция менен туташтыруу иштери 2015-жылдын август айында бүткөндө, Кыргызстандын өзүнүн ички энергетикалык шакекчеси түзүлөт, көз карандылык жоголот. Ошол сүйүнүчтүү окуя менен бирге бул тармактын 80 жылдыгы эмки күздө белгиленет.

 Азизбек ЧАМАШЕВ