сыйлоо2
сыйлоо сыйлоо1

Орчундуу, кызыктуу окуяларга бай жылкы жылы кош айтышып, босогодо кой жылы баш багып турган чагы. Ушул саналуу убакыт  аралыгында “Эркин Тоо” гезити да аяктап бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, салтка айланган саамалыгынан жазбай, жалпы өлкөбүздүн ар аймактарында, ар тармактарда эмгек өтөп, эл оозуна алынган мекендештерибиздин арасынан тандап, мыктыларын атады. Атап эле жөн болбой, апта соңунда майрамдык маанайда өткөн салтанатта жыл мыктыларына ыроолонгон сыйлыктары тапшырылды.

“Сыйлыкка татыктуу кыз-жигиттерибиз, эже-агаларыбыз турганда, Кыргызстандын эртеңине ишеним жаралып, келечегибиз жаркын болорунан шек санабайбыз. Жаңы жыл жалпы кыргыз элине жакшылык алып келсин, тилектерибиз орундалып, элибизде бакубатчылык, тынчтык болсун!”- деп айтты өзүнүн куттуктоо сөзүндө “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору Наргиза Мансурова.

Кыргыз Эл Баатыры, академик Миталип Мамытовдун ысымы өткөн жылы да гезит тарабынан мыктылардын алдыңкы сабында аталган. Быйыл академик агабызга “Жылдын мыкты инсаны” наамы ыйгарылды. “Элибиздин “Эркин Тоосу”, кыргыздын кызыл туусу бизди дайыма шыктандырат!”- деп нуска каалоосун билдирген Эл Баатыры бир катар мыктыларга өз колу менен сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында министрлер, депутаттар жана облустук жетекчилер бар. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов “Эркин Тоо” гезитинин жаңы ийгиликтерге шыктандырган бул саамалыгы колдоого арзый тургандыгын баса белгилеп, жалпы федерациянын атынан ыраазылык билдирди.

“Росинбанк” ААКсы өлкөбүздөгү коммерциялык банктардын арасында бараандуу орунду ээлейт. Акыркы убакта эле банктын жалпы кирешеси 1,5 эсеге,  кардарлардын саны 2 эсеге өскөн. Учурда кредиттик портфель 7 миллиард, депозиттик база 9 миллиард сомдон ашат. Кыргызстандын финансы рыногундагы алгылыктуу иштери  үчүн гезит “Росинбанк” ААКсын “Жылдын мыкты банкы” деп  тапты.

Калкыбызга ак кызмат өтөп жаткан банкты жетектеген Немеринский Евгений Александровичке да бул салтанатта диплом тапшырылды.

Салтанатка катышкан Кыргызстан аялдар Конгрессинин Президенти Замира Акбагышева гезитибиз тууралуу: “Эркин Тоо”- өлкөбүздүн маалымат айдыңында өз орду бар, мартабалуу гезиттердин бири. Ал эми гезиттин мыктысы аталуу баарыңыздар үчүн сыймык”, – деп эл алдында “эркинтоочулардын” сөөгүн агартып, мыктылардын бир катарына сыйлык тапшырды. “Жылдын мыкты министри” аталган Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, белгилүү теле алып баруучу Чынар Капарова да мыктылардын бир тобуна сыйлык тапшырып, майрамдык каалоо-тилектерин айтышты. Ал эми бул салтанатта “Жылдын мыкты курулушчусу” сыйлыгын алган “Имарат курулуш” ишканасынын жетекчиси Бейшенбек Иманалиев оңтойлуу учурдан пайдаланып, КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын алып баруучусу Елена Черномазовага акчалай сыйлыктын “Белек” сертификатын тапшырганы залда олтургандардын дүркүрөгөн кол чабуусу менен кубатталды. Бейшенбек Иманалиев мындай чечимин айрым кыргыздар эне тилинде эжелеп сүйлөсө, Елена мамлекеттик башкы телеканалда маалыматтарды кыргыз тилинде элге жеткирип, жалпынын сүймөнчүлүгүнө айлангандыгы менен түшүндүрдү. Эске салсак, Елена Черномазова бир нече ирет “Эркин Тоонун” каарманы болуп, окурмандарыбызга өз оюн бөлүшкөн.

Сыйлык тапшыруу салтанаты, “Эркин Тоонун” өнөктөшү – “Достук” мейманканасынын “Империал” залында өтүп, көңүл көтөргөн жагымдуу ыр-күү менен коштолду.

Атай АЛТЫМЫШЕВ