авар
 Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын аймагында эки унаанын катышуусунда болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандардын өздүгү такталды.

Жол кырсыгы кечээ, 12-январда саат 01:41 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Хонда-Степвагон» (мамлекеттик номуру В 61-31 AS) унаасы менен жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру I 64-49 B) бет маңдай сүзүшкөн.

Аталган жол кырсыктан «Хонда Степ» унаасында бара жаткан үй-бүлөнүн 5 мүчөсү: 36 жаштагы айдоочу Бакыт Имакеев, айдоочунун апасы 72 жаштагы Ырыс Имакеев, 33 жаштагы иниси Байымбек Имакеев, 51 жаштагы эжеси Анипа Имакеева жана келини Гулбарчын каза болду.