Алыш күрөшү жабык имараттардагы V Азия оюндарына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын алыш күрөш боюнча федерациясынын президенти, ЖК депутаты Малик Осмонов билдирди.

Анын айтымында, алыш күрөшү бүгүнкү күндө чоң даражага ээ болуп турган убагы.

«2003-жылы алыш күрөшү спорттун түрү катары дүйнөгө белгилүү боло баштады, ал эми 2008-жылы FILA’га мүчө болду. Быйыл буюрса, Азия оюндарына кирди, эми 2017-жылы Түркмөнстанда өтүүчү Азия оюндарына катуу даярдана баштайбыз», – деди ал.

Өз кезегинде, КРнын республикалык улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борборунун директору Миңбай Доорбаев, Азия оюндарына катышуу үчүн улуттук курама түзүлөөрүн белгиледи.

«Эки жыл ичинде өзүбүздүн кураманы даярдайбыз. Аймактарда ар кандай мелдештерди өткөрүп, мыкты балбандар тандалат», – деген Доорбаев быйыл, 2015-жылы спорттун бул түрү боюнча көптөгөн турнирлер, чемпионаттар өтөрүн кошумчалады.

aly-sh