Кирпик

Кирпик көзгө кире турган чаңдардан гана коргобостон, көзгө тийген шамалдын агымын да бир тарапка багыттап турат. Мындай билдирүүнү америкалык окумуштуулар айтып чыгышты. Алардын билдирүүсүнө караганда, көзгө шамал менен кошо келген бактериялардын, вирустардын агымын кирпиктер башка тарапка багыттап, көздүн чел кабыгынын соолуп калышына да жол бербейт. Кирпиктер “нымдуулуктун тез буулануусун азайтат жана заттын бөлүкчөлөрүн 50 пайызга чейин тундурат”, – дейт Атланта шаарындагы Джорджии Технологиялык институтунун изилдөөчүсү Дэвид Ху. Мындай изилдөө 22 түрдүү сүт эмүүчүлөр классына кирген жаныбарларга жана адамдарга жасалган. Окумуштуулар көпчүлүк учурда көздүн кеңдигинин үчтөн бирине тең кирпиктер көздүн көрүүсүнө доо кетирбестен, зыяндуу нерселерден коргоп турат деген жыйынтыкка келишкен. Бул ачылыш коргоо системасында жаңы ачылыштарга мүмкүнчүлүк түзүшү мүмкүн деп айтылууда. Мисалы бир жылда жогору жагына чаң топтолуп калгандыктан, өзүнүн 6% эффективдүүлүгүн жоготкон күн батареяларын чыгаруучу компаниялар мындан ары окумуштуулардын айткандарына таянып калышы да толук мүмкүн.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА