823959_l

Даанышман жазуучу Мухтар Ауэзовдун жүрөктү кысып, жүүндү титиреткен бир чыгармасында карайлап отурган карама сокур аял кардуу бороондо адашып, борошо басылганча деп жаман үйүнө баш калкалаган болуш-бийлерге жалгыз малын союп, “силерди Кудай мында өзү жибериптир” деп жетине албай сый көрсөтүп, акырында муң-зарын айтып арызданса, этке тоюп эсирген тигилер бечаранын чолпондой кызын зордуктап, ач бөрүчө жара тартып кете беришет. Төмөндө коомчулуктун назарына коелу деп жаткан маселе дал ушул окуяга окшошуп кетет. Айырмасы – бул трагедиянын өткөн, бөрү заманда эмес, биздин эле күндө, укуктук ченемдер сакталат деген мамлекетте, болгондо да адам укугун коргоочулардын катышуусу менен болуп жаткандыгында…

2012-жылдын октябрь айында 15 жашар кызым үйдөн жука кийимчен чыгып кеткен бойдон жок болгондуктан, Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, кызымды таап берүүгө жардам сурадым. Көрсө, кызым коңшу айылдагы эжесиникинде жүрүптүр. Арыздын негизинде издемиш болуп жүргөн ички иштер бөлүмүнүн опер кызматкери Т.Жалилов аны опузалап, суракка алам деп 2012-жылдын 4-ноябрында түшкө маал машинага салып, Исфана шаарындагы аэропорт тараптагы ээн талаага алып барып, күч колдонуп кийим кечесин чечип, бирөөгө айтсаң өзүңдү да, энеңди да өлтүрөм, мага эч ким эч нерсе кыла албайт деп, каршылык кылса башка-көзгө койгулап, зордуктаган. Айбандык жоругун жасап болуп, ички иштер бөлүмүндө күтүп турган биздин айылдык бирөөгө “бул кызды үйүнө жеткизип койгун” деп кошуп бериптир. Кызым коркконунан эмне болгонун мага айткан эмес. Өзүм 2-топтогу майыпмын, араң эле жашап жүргөн бизди бир чети аяган окшойт.

2012-жылдын 19-ноябрь күнү күндүзгү саат төрттө мага Т.Жалилов телефон чалып, ”Кызыңызды милицияга жибериңиз, изделип жаткандардын каттоосунан чыгарам”, – деди. Эртеси 20-ноябрда кызымды Исфанага жөнөттүм. Аны автобекеттен Т.Жалилов тосуп алып, ”Жигули” машинасы менен Кошмуратов көчөсүндөгү “Саякат” мейманканасына алып барып, каршылык көрсөткөнүнө карабай уруп-сабап, экинчи жолу зордуктаптыр.

(Жабырлануучу кыздын апасынын көрсөтмөсүнөн)

 1-декабрда Исфана шаарына РОВДга келдим. Кийин ошол жерде милиционер Муратов документтеримди алды. Кеч болуп калганда Муратов мени Коргон айылындагы ПОМго барып тур деди. Мен ПОМго барып күтүп турсам өзү келген жок. Кеч болуп калгандыктан такси айдаган Үсөн акеге телефон чалып, үйгө жеткирип коюшун өтүндүм. Кийин үйгө келсек, үйүбүздүн алдында Муратов менен дагы бир милиционер турган экен. Үйгө киргенден коркуп, Үсөн акеге жалган айтып “эжемдин үйүнө барам, ошол жакка таштап коюңуз”, – деп Коргонго бардым. Эртеси күнү аялдамада турсам, Мурат менен Мелис мени кармап алып, ПОМго алып барып, Мурат мени шнур, дубинка менен уруп, Үсөндүн үстүнөн арыз жаздырды. Кийин Мурат Талант менен телефондо сүйлөшкөндө Талант тойдомун деп айткан. Түнү Үсөндүн үйүнө алып барышты, кайра алып келип, мени кабинетке камап койду. Кийин Үсөн, Асан жана Баатыр ака болуп РОВДга келишкен. Үсөн менен мени беттештиргенде мен “мага тийишпеди” десем Мурат мени “Сенин башың ооруп жатабы?” деп ал жерден алып чыгып, кабинетке алып кирип башыма урганда эсимди жоготупмун. Өзүмө келсем, жанымда бирөө жаткан экен, карасам Талант. Туруп кетейин десем, Талант: “Жат, азыр өлтүрүп коем”, – деди. Анан мени бетиме уруп, ошол жерден мени дагы зордуктады.

(Жабырланган өспүрүм кыздын соттогу көрсөтмөсүнөн)

Жабырлануучунун жогорудагы көрсөтмөсү элет жериндеги укук коргоо кызматкерлеринин өзүм билемдикке салган кыянаттыгынын дагы бир өңүрүн ачты. РИИБнын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөчү инспектору М.Муратов он беш жашар кызды мыйзамсыз кармап, коркутуп, шнур менен сабап, айыпсыз бирөөгө жалаа жабуу менен акча өндүрүү максатында арыз жаздырган.

“Бул өспүрүм кызды мектептен көргөм. Бирок, мамиле жок эле. 1-декабрь күнү телефон чалып, “Коргондон үйгө жеткирип коюңуз деди. Макул дедим. Жеткенде кайра “Коргонго жеткирип коюңуз деди. Кайра Коргонго алып барып койдум. Эртеси күнү бир тууганым телефон чалып, сени милициядан издеп жатышат, – деди. Үйгө милиционерлер келип, “Үсөн ПОМго барсын”, – деген экен. Кийин ПОМго бардык. ПОМдон Мурат менен Талант кызды эмнеге зордуктадың? – деди. Зордуктаганым жок дедим. Алар менден 40 миң сом бересиң, болбосо камаласың, ал жакта сени да зордукташат” деп коркутушту. Кийин түн ортосунда кыз менен беттештирди. Кызга “сени зордуктадымбы?” – десем, “жок”, – деди. Ошондо Мурат кызды алып чыгып кетти. Саат 2.30 чамасында ПОМдун кире беришиндеги кабинетке Талант менин бир тууганыма “сүйлөшөлүбү?” дептир. Кара түстөгү машинасы менен биздин үйгө барып, мен 25000 сомду алып чыгып бердим. Ал акчаны алып чөнтөгүнө салып, бизди кайра үйгө жеткирип койгон.

2013-жылдын 15-май күнү кыз апасы жана прокурор келип,”ушундай зордуктоо болгон экен, ал боюнча эмне билесиң, – деп сурады. Ушинтип акча бергем деп арыз жазып бердим. 27-май күнү Мурат телефон чалып, эмнеге арыз жазасың, арызыңды ал”, – деди.

(Жабырлануучу У.Кулмурзаевдин соттогу көрсөтмөсүнөн)

Сексуалдык зомбулукка дуушар болгон кыздын боюна бүтүп калбаганда бул иштин акыры эмне менен бүтөт эле, белгисиз. Балким, кылмышы билинбей калган погончон бөрүлөр андан ары жойлоп дагы канча адамдын убалына калышмак.

“Өзүңдү да, энеңди да өлтүрөбүз” дегенден корккон кызым милиционерлер көрсөткөн азап-тозокту мага билдирбей көтөрүп жүрө берген экен. Өзүнөн өзү чүнчүп, азып-тозуп, жерден боорун көтөрө албай калганда гана кызымдын кош бойлуу болгонун билдик. Такып сурап отуруп, акыйкат издеп сотко кайрылдык. Ошондон тартып биздин үй-бүлөдө азаптуу күндөр башталды. 2013-жылдын 17-майындагы соттук-медициналык экспертиза кызымдын боюнда 24-25 жумалык бала бар экенин аныктады.

Кызымдын жашы жете элек болгондуктан, ден соолугу кескин начарлап, Баткен облустук ооруканасында дарыланды, андан соң Бишкек шаарындагы Энеликти жана балалыкты коргоо борборуна самолет менен алып барууга туура келди. 2013-жылдын 13-августунда кайрадан Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жаткырдык. 22-август күнү өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатып, операция жолу менен уул төрөдү. Бир жумага чейин катуу кыйналып жатып, врачтардын жардамы менен өзүнө келди.

Ош облустук психиатриялык ооруканасынын 9-сентябрь 2013-жылдагы №327 корутундусуна ылайык, кызым психикалык жактан катуу жабыр тарткандыгы жана невропатологдун дарылоосуна муктаж экендиги аныкталды. 2013-жылдын 26-сентябрындагы “Интелмед” коомунун Бонецкий лабораториясы кызым төрөгөн уул баланын атасы 99 пайыз айыпкер Т.Жалилов экенин тастыктады.

Мектепти да бүтө элек, секелек кызымдын башына мынчалык балээни үйгөн кылмышкерлердин карапайым адамдарды кантип кордоп жатканын жергиликтүү сот органдары билсе билмексен, көрсө көрмөксөн болуп жатышат.

(Жабырлануучу кыздын апасынын көрсөтмөсүнөн)

Жогоруда келтирилген далилдердин баары тастыкталганына карабастан, Кадамжай райондук соту 2014-жылдын 9-октябрында “Жетиштүү далилдер жок болгондуктан” деген негизде зордуктоо айыптарын алып салып, “кызматтык ыйгарым укугун ашкере пайдаланган” деген гана дооматты коюп, Т.Жалиловду 2 жылга, М.Муратовду 1 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон тараптар Баткен облустук сотуна доо арыз жолдошкон. Баткен облсоту ишти кайра кароо үчүн Кадамжай райондук сотуна кайтарган.

Адилеттик издеген жабырлануучулар жардам сурап “Сезим” кризистик борборуна кайрылышты. Учурда сексуалдык зомбулукка дуушар болгон өспүрүм кызга “Сезимдин” психологдору тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат. Жергиликтүү сотторго жабырлануучулар тарабынан ишеним көрсөтүлбөй, башка сот курамында, башка облус сотуна жөнөтүү өтүнүчү Жогорку Сот тарабынан канааттандырылып, иш жакында Ош облустук сотунда карала турган болду.

Алима Абилезова