темир жол1

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок, аны каржылоо маселеси боюнча орток пикир табылбай, улам кийинкиге сүрүлүп келет. Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта аталган маселе кайра жанданып, бул жолу тараптардын макулдашуусу менен бир вариантына токтолмой болду. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да  Кыргызстан-Кытай багытындагы темир жолдун курулушу боюнча бардык варианттар иштелип чыгып жана ал кытай тарап менен дагы бир ирет талкуулоо тапшырмасын берген. Андан соң, Кыргыз Өкмөтүнүн өкүлдөрү Кыргыз-Кытай темир жолун куруу долбоорун, багытын жана каржы маселелерин талкуулоо максатында Кытайга расмий сапары менен барып келди.Бул сапардан темир жолдун курулушуна байланыштуу акыркы жыйынтык менен кайтып келишпесе да, тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн аягы көрүнгөнсүп калды. Башкача айтканда, Кыргызстан тарап сунуштаган концессия механизми аркылуу долбоорду каржылоо модели Кытай тараптан позитивдүү кабыл алынса, темир жолдун курулушу ишке аша баштайт.

Ал эми Кытай тарапка сунушталган долбоорго буга чейинки долбоорлорго караганда каражат азыраак сарпталат. Бирок, темир жолдун узундугу мурдагыдай 430 эмес, 472 чакырым болот. Багыты да мурдагыдан өзгөрүп, Торугарттан (Нарын облусу, Кытай менен чектеш аймак) башталып, Ак-Бейит айылында жүк которуучу станция (419-чакырымда), 316-чакырымда, башкача айтканда, Ат-Башы ГЭСинин жанына узундугу 12,7 чакырым болгон тоннель куруу пландалууда. Андан ары Угут (246-чакырым) жана Кош-Дөбө (177-чакырым) айылдары аркылуу Макмалга чейин (139-чакырым) 1,1 чакырым келген 1 тоннель курулмакчы. Атай айылына кире бериште (92-чакырымда) узундугу 1,2 чакырым болгон дагы бир тоннель, ошондой эле 8,5 чакырым болгон экинчи тоннель Атай айылы менен Таран-Базар айылдарынын ортосунда орун алмакчы. Ошентип, темир жол андан ары карай Жалал-Абад шаарына чейин созулмакчы.

Темир жолдун аталган долбоору азыркы тапта кытайлык эксперттердин кароосунда экенин айткан транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султанов курулуштун так баасы техникалык-экономикалык негизинин долбоору иштелип чыккандан кийин белгилүү болоорун айтат.

“Буга чейин Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу каржы маселесине келип такалып турган. Темир жолду куруу боюнча Кытай тарапка сунушталган 2012-жылкы долбоордун баасын арзандатуу үчүн багытты өзгөртүүгө туура келди. Ошондой эле биз концессия механизми аркылуу долбоорду каржылоо моделин сунуштадык. Буга ылайык, Кыргызстан жол куруу үчүн жер бөлүп берет, ал эми Кытай тарап каржы жагын өз мойнуна алат. Мындан сырткары, Кыргызстан-Кытай биргелешкен ишканасын куруу сунушун да караштырабыз”, – дейт министр Калыкбек Султанов.

Белгилей кетсек, 2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өзүнүн долбоорун даярдаган. Ага ылайык, жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Демек, ал вариант боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Ал кезде жолдун курулушуна 6-6,5 миллиард доллар кетери айтылган. Ал эми азыркы долбоордун баасы канча болоору сентябрь айына барып белгилүү болот, – дейт министр. Бул маселе боюнча кезектеги сүйлөшүү апрель айына белгиленгенин айтат ал.

Ал эми транспорт жана коммуникациялар министринин жардамчысы Тилек Эсенбеков:“Долбоордун биринчи вариантындагы эсеп боюнча 100 чакырым тоннель, 60 чакырым көпүрө курулушу керек болчу. Бул экөө тең абдан кымбат курулуш болуп эсептелет. Мисалы, 1 чакырым тоннель куруу үчүн эле орто эсеп менен 35-40 млн. доллар сарпталат. Жаңы долбоор боюнча тоннелдердин узундугу 30 чакырымга кыскарды. Бирок, жалпы темир жолдун узундугу 40 чакырымга узарган. Торугарт – Ак-Бейит – Ат-Башы – Үгүт- Кош-Дөбө – Макмал – Таран-Базар – Жалал-Абад маршруту деп белгиленди. Бул багытта таш жол бар, башкача айтканда, кошумча техникалык жол ачуунун кереги жок. Ошондой эле бул маршрут боюнча жогорку кубаттуулуктагы электрлиниясы тартылып жатат. Бул долбоорду Кытай тарапда жакшы кабыл алды”, – деп билдирди.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнү бириктирген бул темир жолдун акыркы маршруту Кыргызстанга да, Кытайга да пайдалуу болушунун маанисин белгилейт.Ошондой эле, алдын ала божомолдорго караганда, темир жол аркылуу жылына 15 млн. тонна жүк, 250 миңдей жүргүнчү өтсө, инфраструктура да жакшырат, экинчи жагынан көптөгөн жумуш орундары (маалыматтарга таянсак, жол куруу учурунда 20 миңдей киши ишке тартылса, колдонууга берилген соң, 3 миңдей жаран жумуш менен камсыз болот) түзүлмөкчү.

 Динар Турдугулова