Мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр бүгүн Венада жыйын курганы жатат. Анда өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу маселеси талкууланыш керек. Анткени июндан бери эле мунай баасы дүйнөлүк базарда отуз пайызга арзандап кетти. Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, ОПЕК өндүрүштү азайткан күндө деле ал базарга олуттуу таасир тийгизе албайт.

Орусия мунайдын дүйнөлүк баасын өндүрүштү кыскартуу аркылуу көтөрүүгө кызыкдар болгон өлкөлөрдүн бири
Орусия мунайдын дүйнөлүк баасын өндүрүштү кыскартуу аркылуу көтөрүүгө кызыкдар болгон өлкөлөрдүн бири
 Мунайдын дүйнөлүк баасын өндүрүштү кыскартуу аркылуу көтөрүүгө кызыкдар болуп турган өлкөлөрдүн бири – Орусия. Күнүнө 10,5 миллион баррель кара май чыгарган же үлүшүнө дүйнөлүк мунай өндүрүштүн 11% туура келген Орусия ОПЕКе мүчө эмес.

Кара майчылар картелинин маанилүү делген бүгүнкү кеңешмеси алдында Орусиянын делегациясы Венада ОПЕКтин башкы оюнчусу Сауд Аравия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок Москва Саудияны ынандыра албагандай. Бул өлкөнүн мунай министри Али ал-Найми кабарчылар менен маегинде сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын комментарийлөөдөн баш тартты. Бирок базар акыр аягында өзүн-өзү стабилдештирүүсү керектигин белгилеп, Саудия өндүрүш көлөмүн кыскартууга кызыкдар эместигин ишара кылды.

Орусиялык RusEnergy компаниясынын талдоочусуМихаил Крутихин “Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде Москва кезинде ОПЕКти алдап койгонун эске салды:

– Тарых буга чейинки тажрыйба ийгиликсиз болгонун көрсөтүүдө. 2001-жылы ОПЕК жана көз карандысыз өндүрүүчүлөр өндүрүштү бир учурда азайтууну алгачкы ирет макулдашкан. Орусия суткасына чейрек миллион баррелге кыскартууга милдеттенме алган. 2002-жылдын биринчи чейрегин кыскартып жатканын ырастап маалымат берген. Бирок 2002-жылдын жыйынтыгы чыгарылганда мунай өндүрүш жана экспорт көбөйгөнү билинип калган. Биз ОПЕКтин алдында ошондо уят болгонбуз. Өндүрүш көлөмүн азайтууну келишүү үчүн Сечин (“Роснефть” компаниясынын башчысы – ред.) Венага 2008-жылы барганда да эч нерсе чыккан эмес. Демек азыр деле эч нерсе чыкпайт. Мунай өндүрүү Орусияда объективдүү түрдө, саясий эрксиз эле басаңдаганы турат. Бул кийинки жылы абдан сезилет. Анткени биздин эң ири мунай казуучубуз – “Роснефть” өндүрүштү эл аралык картелге тилектештигинен эмес, ишинин эффективдүүлүгү абдан төмөндүгүнөн жана жаңы долбоорлорго каражат жоктугунан улам кыскартууда.

Кара майдын кымбатташына ОПЕКтин негизги мүчөлөрүнөн казынасы бош, чет элдик валюта кору аз Иран, Венесуэла жана Ирак да абдан кызыкдар. Бул өлкөлөр да баанын көтөрүлүшүн дүйнөлүк базарга түшкөн мунай көлөмүн кыскартуудан көрөт.

Учурда кара майдын бир баррели 80 долларга жетип-жетпей турат. Бирок мунай арзандаганы менен Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө күйүүчү май, тескерисинче, кымбаттады.

Орусиялык талдоочу Михаил Крутихиндин болжолунда, ОПЕК өндүрүштү кыскартуу чечимин кабыл алганда деле ал базар баасын өзгөртпөйт:

– ОПЕК азыр эмне деп жарыялабасын андан таасир аз болот. Анткени, биринчиден, бул картелдин ичиндеги тартип абдан төмөн, Иран эл аралык санкцияларга кабыла элек кезде ал жана Венесуэла картел белгилеген квоталардын баарын бузушкан. Эгер алар азыр мунай өндүрүүнү жана экспортту бир учурда кыскартууну макулдашса, базардагы боштукту толтурууну көздөгөндөр топтун өз ичинен эле чыгат. Экинчиден, ОПЕК азыр базарга мурдагы таасирин жоготуп койду. Бери дегенде акыркы сегиз жылдан бери өндүрүштүн көбөйүшү ОПЕКтин эмес, ага кирбеген өлкөлөрдүн эсебинен камсыздалган. Биринчи кезекте мунай өндүрүш АКШда көбөйдү. Мындан сырткары Латын Америка менен Батыш Африкада да ушундай болду. ОПЕК акырындык менен базарга таасир көрсөтүү рычагын жоготуп бара жатат. Эгер ал базардагы ордун бошотсо, аны башка өндүрүүчүлөр толтурат.

ОПЕКтин эсебинде, ага мүчө он эки өлкө күнүнө 32 миллион баррель кара май чыгарат. Былтыркы жылдын жыйынтыгында анын дүйнөлүк базардагы үлүшү 43,4% түзүп, мурдагы жылдан 1% ашуунга төмөндөгөн. ОПЕК өлкөлөрүнө дүйөнүн салттуу кара май корунун 80% таандык. Ал эми дүйнөдө кара майдын эң ири керектөөчүсү АКШда азыр сланц мунайын өндүрүү күчөөдө.