финансы1
  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы, мыйзамсыз финансы жана салык пайдасын алуу максатында салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү жашыруу менен байланышкан салыктарды төлөбөө тобекелдик факторлору бар 15 компанияны аныктады. Бул тууралуу МСК басма сөз кызматы маалымдады.2014-жылдын июнь айында Мамлекеттик салык кызматы ошондой эле салыктарды төлөбөө тобекелдиктери бар 80 компаниянын тизмесин жарыялаган. Тобекелдиктер салык органдары тарабынан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда аныкталган эле.

Андан мурдараак, ушул жылдын апрель айында МСКнын башчысы Замирбек Осмонов аймактык салык органдарынын жетекчилеринен бир күндүк фирмаларга каршы келишүүсүз күрөшүүнү талап кылганын эске салабыз.

Салык кызматы тарабынан туруктуу негизде, салыктарды  төлөбөөнүн өтө чоң тобекелдиктери бар тармактар боюнча тыкыр талдоолор жүргүзүлүп жатканын белгилеп кетмекчибиз. Алардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү чечимдери кабыл алынат.

Жалган ишмердик менен алектенүү белгилери бар субъекттердин  бардык иштерине кылдат талдоолор жүргүзүлүп, жыйынтык материалдары тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жиберилүүдө.

<F1EFE8F1EEEA20EBE6E5F4E8F0EC2032382E31312E313420EAFBF0E32E786C7