К.Шакиров: “Кумтор” боюнча Кыргызстан соттон утулат”

“Кумтөрдүн” таза баасы 1 млрд. 500 млн. АКШ долларын түзөт. Эгерде, аны улутташтырсак компанияга 1,5 млрд. доллар компенсация төлөп бериши керек. Мындан тышкары, акционерлер менен «Кумтөр Голд. Компани» ЖАК Кыргызстанды эл аралык сотко берет. Соттон Кыргызстан утулат. “Кумтөрдү” улутташтыруу тууралуу чечим кабыл алаардан мурун, бул маалыматтарды кабыл алууну өтүнөм”, – деди “Кыргызалтын” ААКнын жекчисинин орун басары К.Шакиров бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында.
Ал эми бул боюнча айрым депутаттар дүйнө жүзүндө улутташтыруу маселесинде эч качан эл аралык сот кийлигише албасын айтышты. Белгилешкендей, мында бир гана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Эске салсак, улутташтыруу маселеси боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыккан.
Жыйында Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге, Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевге жана Айлана чөйрөнүү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджановго бир айдын ичинде улутташтыруу боюнча методиканы иштеп чыгып, бекитүү тапшырылды.
Динар Турдугулова

Leave a Reply