Бензиндин баасы туруктуу сакталат
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанага жасаган жүрүшүндө Казакстандын президентинин Нурсултан Назарбаевдин киришүүсү менен быйылкы жылдын жай айынан бери Чымкентте кармалып турган 500 вагон жанар майдын тагдыры чечилгени белгилүү болгон. 12-ноябрда ошол нефтинин 41 вагону Бишкекке келип, тиешелүү кардарларына таркатылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Кулов Улан Темирбекович билдирди.
Тактай кеткенде, бир вагондо болжолдуу 60 тоннадай мунай болгондо, анда 41 вагондун жалпы өлчөмү 2400 тонна болот. Улан Куловдун билдиргенине караганда, 500 вагон мунай бөлүнүп-бөлүнүп келет. Мурда журналисттер жазгандай, алардын келиши менен эле бензиндин баасы арзандабайт. Анткени, Чымкенттеги 500 вагон мунай кармалган убагы жай айы болчу. Ушул күнгө чейин чыгымдар өтө көбөйүп кеткен. Ошондуктан, бул мунайды алып келген ишкерлер арзан бере албайт. Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов ноябрь айында бензиндин баасы туруктуу сакталаарын билдирди.
Азизбек Чамашев


Leave a Reply