21 алтын кенинен болгону 3өө гана калды

Бир кезде Кыргызстанда жалпысынан 21 алтын кендери бар болсо, азыркы учурда анын 3өө гана калды. Алар: Солтон-Сары, Терек-Сай жана Макмал кендери. Ал эми калгандары 2003-жылдан бери алды 1 миллион долларга сатылып кеткен.
Мындай билдирүүнү “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын “Кумтөр” маселесин караган жыйынында билдирди.
Мындан тышкары, жыйында башкы прокуратуранын өкүлү 2003-жылдагы келишим боюнча ошол кездеги ага тиешелүү 10дон ашык жетекчилерге иш козголгондугун маалымдады. Маалым болгондой, алардын көч башында мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жана мурдагы премьер-министр Николай Танаев турат. Булардын айрымдарына эл аралык издөө жарыяланса, айрымдарынын иши сотко өткөн.
Динар Турдугулова

Leave a Reply