ууру

2014-жылдын 17-декабрь күнү саат 12.30 чамасында Таджик Республикасынын Согди областынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешкен, Лейлек районунун Исфана шаар мэриясынын Мурза-Патча айылында ТРнын Согди областынын Дж.Расулов районунун Янтагзар айылынын Турсунзода көчөсүнүн 24 үйүнүн тургуну 32 жаштагы Икромов Абдирашид Насуруллоевич, Исфана шаар мэриясынын Самат айылынын тургуну 1956-жылы туулган Рахманов Жапарбайга таандык болгон бир баш 6 жаштагы уюн жана бир баш 1 жаш музоосун “Хундай-портер” үлгүсүндөгү автоунаага жүктөп кетип бара жаткан жеринен Лейлек РИИБнун милициянын аймактык тескөөчүсү (участковый) милициянын ага лейтенанты Сатыбаев Дилмурат Ташполотович тарабынан кылмыштын изи сууй электе кармалып, кармалган кылмышкер Лейлек РИИБнө жеткирилип, азыркы учурда териштирүү амалдары жүргүзүлүп жатат.
Дамира ЮСУПОВА, Баткен ОИИБы