А.Тагаевдин Лейлекке болгон иш сапары
Жаңыдан дайындалган Баткен ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Ашим Тагаев Баткен ОИИБнын кызматкерлеринин кызматтык кааналары менен кенен таанышып, андан соң, кызматтык автоунаалардын абалы менен таанышты. Бүгүнкү күндө көп кызматкерлерге компьютерлер, отуруп иштечү отургучтар жетишсиз экендигин, ал эми кызматтык автоунаалардын жол баракчалары убагында толтурулбай, таанып билуу белгилери жок, автоунаалардын тазалыгы техникалык абалдары начардыгын көрүп, кызматкерлерге катуу талаптарын койду.
Лейлек районуна болгон иш сапарында Лейлек районунун акими жана район жетекчилери, айыл округ башчылары, Лейлек РИИБнун өздүк курамы менен жолугушуу өткөрүп жакындан таанышып чыкты. Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө: Коомдук коопсуздукту, элдин тынчтыгын сактоо жалгыз эле милициянын жумушу эмес, тескерисинче бул жалпыбыздын милдетибиз. Сиздер биз менен бирге алдын алуу иштерин жүргүзсөңүздөр заманыбыз тынч болот. Бүгүнкү күндө Лейлек району боюнча болгону 2 участкалык аймактык пункт ачылыптыр. Сиздер өзүңүздөрдүн аймагыңыздарды тейлеген аймактык тескөөчүнүн жашаган турак-жайларына, таяныч пункттарына көңул буруп, жакындан жардам берсеңиздер ар бир айылдарга участкалык аймактык пункттарды ачсак болот деп кайрылып кетти. Райондун акими Тилеберди Арипов Лейлек районуна республиканын ар тараптуу бурчтарынан келип кызмат кылып жаткан милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдирип, алардын жашоо-шарты бүгүнкү күндө начар башкача айтканда Лейлек районунда батир таап жашаш кыйын экенин эске алып, кызматтык үй салып бергенге атайын жер тилкесин ажыратып, кызыл китебин Лейлек РИИБнун начальгини Жигитали Дубанаевке бергендигин айтты.
Ал эми Сулукту шаарына болгон иш сапарында алгач шаардын мэри жана шаар жетекчилери менен таанышты. Сүлүктү шаарында жалпысынан 21 миңден ашуун калк жашайт. Шаарда 17 мечит бар. Ошондой эле 9 мектеп, 1лицей, 1ЖОЖ, 1 колледж, 1 мектеп интернаты болуп жалпысынан 8226 жаш өспүрүм балдарды 2 жашы жете элек инспекциясынын инспектору, 4 аймактык тескөөчү жана 1 жол кайгуул күзөтүнүн инспекторлору тейлешет, бирок Сулукту шаар болгону менен 30 км алыстыкта Кенчи айылы жана 25 км алыстыкта Кольцо айылдары бар. Шаар мери А.Ибраимов: милиция кызматкерлерин биз колдоп келгенин жана дагы кошумча 1 жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектор, 1 аймактык тескөөчү жана Сүлүктү шаарында акыркы күндөрү автоунаалардын саны өтө көбөйүп, жол тыгындарын пайда кылып жаткандыгына байланыштуу1 жол кайгуул күзөтүнүн инспектору штаттары жетишсиз экендигин баса белгилеп кетти. Ошондой эле Сүлүктү шаарынын эли бүгүнкү күндө биздин милиция кызматкерлерибиз бизге ак дилден кызмат кылышып жатат. Булар күнү-түнү элдин коопсуздугун сакташып атайын патрулдарды уюштуруп, профилактикалык иштерди күчөтүп жатышат деп ыраазылыктарын билдиришти.
Баткен ОИИБнын начальниги Ашим Тагаев: Мыйзамдуулукту орнотуу жалпыбыздын милдетибиз, тартип болмоюнча ийгиликтерге жетишпейбиз. Мен Сиздерге ишенем, сиздер элге таза, адал иштеп берсеңиздер мен Сиздерди колдойм деп айтып кетти.
Дамира ЮСУПОВА, Баткен ОИИБы




Leave a Reply