суу ташкын1

 2014-жылдын 17-декабры күнү саат 16:00 чамасында Ала-Арча дарыясында муз  топтолуп, суу нугунан ашып кеткен.

Биринчи май району.  Малдыбаев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тосмодо көлөмү 12 миң м3 муз топтолуп, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан  “Илим” орто мектебинин аянтын суу каптаган. Муз каптоонун кесепетин жоюуга “Жашылдандыруу” ишканасынан 7 адам, Юстиция министрлигинен 12 адам тартылып, муз тоңгон жер ачылып суу агымы өз нугуна түшкөн.

Ленин району.Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан автоунаа өтүүчү көпүрөдө муз топтолгон. Жумушка “Бишкек сууканал” ишканасынан 1 эксковатор,  “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 эксковатор, 2  трактор жана 15 адам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле Рыскулов көчөсүндө жайгашкан №538 турак үйдү суу каптаган, ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жашоочулардын буюмдарын чыгарууга жардам беришкен.

Октябрь району. “Совмин” кичи районунда №4 жана №12 үйдүн аралыгында жайгашкан жөө адамдар өтүүчү көпүрө бузулган.

Ала-Арча дарыясынын кооптуу аймактары көзөмөлгө коюлду.

Мындан ары Министр Кубатбек Боронов жарандарга, турак-жайларга жана социалдык обектилерге коркунуч келтирбөө үчүн ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Аманбаев  Болотбек Жалиловичке тапшырма берди.