дерутся Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү же алардын лидерлери менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда КРнын ички иштер министри Мелис Турганбаев маалымдады.

Министр, 2011-жылы айыл өкмөтү, Мамкаттоо кызматы жана соттук орган криминалдык субъекттерге, алардын ичинде Бокушевге Чүй облусунун Жайыл районунан 1,5 га жерди берип койгондугун эскертти. «Бул факт боюнча 304-берене менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө жүрүп жатат»,- деди ал.

М.Турганбаев, ошондой эле, УКТ мүчөлөрү же алардын лидерлери менен тыгыз байланышта турган 95 жаранга расмий эскертүү берилгендигин кошумчалады.