оюндар

27-январда Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык 2014-жыл Кыргыз Республикасында “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп жарыяланды.

Жыл башы ар кандай тагдыр менен жакындары, бир туугандары, ата-энеси абакта олтурган миңдеген кыргызстандыктар үчүн жагымдуу кабар менен уланып, өлкө жетекчиси адам укуктарынын жалпыга таанылган Декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

***

Ал эми 3-февралда Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында диний чөйрөдөгү кырдаал талкууланды, бул багытта мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлүп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Концепциясынын жаңы редакциясынын долбоорун даярдоо тапшырылды. Бул концепция  Коргоо кеңешинин ноябрь айында өткөн жыйынында жактырылды. Анда өлкөбүздө диний экстремизмге жол жок экендиги так аныкталды.

***

2012-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды ынтымак” коалициясы 19-мартта ыдырап, Өкмөт тароого аргасыз болду. Ушул эле күнү Өлкө башчысы Өкмөттүн отставкасы жөнүндө тиешелүү жарлыкка кол койду. Жыйырма төртүнчү Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү 1 жыл 7 ай башкарды.

3-апрелде жаңы өкмөт курамын Жогорку Кеңештин 103 депутаты колдоого алды.

4-апрелде Жоомарт Оторбаев башында турган жыйырма бешинчи өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду.

***

Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө жарлыкка кол коюлуп, атайын түзүлгөн жумушчу топ “2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыкты.

***

17- мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнө 70 жыл толду. Кыргызстан учурда дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекети менен дипломатиялык мамиледе. 22 өлкөдө элчиликтерибиз иштейт.

***

1-апрелде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолдун биринчи фазасын куруу башталды. Бул жолдун узундугу 433 чакырымды түзөт. Жолду 4 жыл ичинде бүткөрүү болжолдонууда. Жол куруу зарылдыгын Атамбаев 2011-жылы 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан.

***

ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы кластердик борборунун директору Сергей Лазарев “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтигинин материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине киргизилгендигин далилдеген сертификатты Президент Алмазбек Атамбаевге тапшырды. 25-августта иш сапар менен Кыргызстанга келген учурунда “Сыйга сый, сыр аякка бал” демекчи, ЮНЕСКОнун Генералдык директору Ирина Бокованы Президент Алмазбек Атамбаев “Даңк” медалы менен сыйлады.

***

15-апрелде өткөн Улуттук кеңештин жыйынында Президент Атамбаев “Кыргызстандын эли кыйынчылыктарга чыдайт, бирок, адилетсиздикке макул болбойт” деген оюн айтып, 2015-жылы парламенттик шайлоону таза өткөрүү максатында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүүгө жол ачты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанда 3 млн. 641 миң жаран биометрикалык каттоого алынат.

Азыр биометрикалык маалымат тапшыргандардын эсеби тең жарымдап калды.

***

Президент Алмазбек Атамбаев 21-апрелде КР Кылмыш жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Толуктоо киргизилген 292, 303, 304-статьяларга ылайык мамлекеттик чыккынчылык, коррупция, жана жооптуу кызматтарда олтуруп, абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш жасагандар үчүн эскирүү мөөнөтү болбойт. Кыл жип менен буулган кылмыштар унутулбайт.

***

29-апрелде эки күндүк иш сапар менен Москвага барган Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кесиптеши Дмитрий Медведев жана “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен жолугушту. Андан соң ал Астанада Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов жана Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саидов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Азиялык өнүктүрүү банкынын башкаруучулар Кеңешинин 47-жыйынына катышты. АБРдин Президенти Такехико Накао: “Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчү жакшы. Куттуктайм. Инфляцияны ооздуктап жатканыңар мактоого арзыйт. Эми экономиканы алдыга жылдыруу зарыл”, – деди.

***

18-21-майда Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Кытайга барып, Өз ара көмөктөшүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңештин IV саммитине катышты. Шанхай шаарындагы “Ксиджиао” резиденциясында Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Ал эми Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 14-15-майда Европалык өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин Варшавада өткөн жыйынына катышып келди.

***

1-июнда кытайлык кыргыз манасчысы Жусуп Мамай 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына КР Президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев баштаган делегация катышты. Жусуп Мамайдын көзү өтөөрдөн бир күн мурда Мамлекет башчыбыздын жарлыгы менен манасчыга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.

***

9-14-сентябрда кыргыз бермети – Ысык-Көл боюндагы Чолпон-Ата шаарында дүйнөлүк алгачкы көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Ага 17 мамлекеттин спорттук делегациялары катышты. Оюндарды кыргызстандык 120, чет өлкөлүк 80дей журналист, 20га жакын телеканалдар чагылдырды. Көчмөндөр оюндарына дүйнө калкы түркиялык ТРТ “АВАЗ” жана Катардын “Аль-Жазира” телеканалдары аркылуу көз салып турушту. Оюндарды Президент Алмазбек Атамбаев өзү ачып берди. Оюн өтүп жаткан күндөрү Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары, алардын арасында Президент Алмазбек Атамбаев да Тажикстандын баш калаасы Душанбеде жыйын курушту.

***

Орусиялык “Газпром” компаниясы жаратылыш газынын 1000 кубун 165 доллардан берүү тууралуу убадасына турганы 17-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу Алексей Миллер менен сүйлөшүү учурунда белгилүү болду. 1-октябрдан тарта калк үчүн газдын 1 кубу 12,95 сомдон сатыла баштады.

***

28-сентябрда Стамбул шаарында Президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу максатында барган Алмазбек Атамбаев Түркиянын жаңы Премьер-министри Ахмет Давутоглунун колун кысып, башбакандык кызматка дайындалышы менен куттуктады.

***

“Калк эсебинен электр жарыгын өчүрүү жаңылыштык деп эсептейм”. Өлкө башчысынын бул сөзү быйыл кышта жарык өчөбү же жокпу деп жүрөкзаада болгон кыргызстандыктарга үмүт отун жандырды. Алмазбек Атамбаев өзү айткандай жетпеген электр энергиясынын да эсебин тапты. Азыр бизди кошуна Казакстан кошумча электр кубаты менен камсыздап жатат.

***

10-октябрда Белоруссиянын борбору Минск шаарындагы Эгемендик сарайында КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өткөн үч саммитте 2015-жылды ардагерлердин жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынды. Евразиялык экономикалык шериктештик атын өзгөртүп, Евразиялык экономикалык биримдикке айланды жана ага Армения мүчөлүккө кабыл алынды. Келерки жылы КМШга төрагалык кылуу Казакстанга тапшырылды.

***

“Кыргызалтын” ишканасына таандык “Центерра Голд” компаниясынын акцияларына Онтарио провинциясынын Жогорку соту тарабынан арест салынышына байланыштуу Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев:“Кумтөрдүн тагдырын канадалык соттордун чечишине жол бербешибиз керек”, – деген көз карашын билдирди.

***

7- ноябрда мамлекеттик сапар менен Казакстанга барган Алмазбек Атамбаевге бул өлкөнүн биринчи даражадагы “Достык” ордени тапшырылды.

“Дүйнөдө казак менен кыргыздай жакын эл жок. Кандай гана шарт болбосун, биз достук милдетибизди аткарып, бири-бирибиздин ийгиликтерибизге кубанып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болчу калктарданбыз. Ата-бабаларыбыз калтырган бул мамилени сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү парзыбыз”, – деди Нурсултан Назарбаев.

***

Алмазбек Атамбаев Астанадан кийинки расмий сапарын Түркмөнстандын борбору Ашхабадда улантты. Кыргызстан жетекчисинин акыркы он жыл ичиндеги алгачкы сапары жемиштүү аяктап, Түркмөнстан быйылкы кыштан кыйналбай чыгууга 700 млн. кВт/саат электр энергиясын берүүгө макул болду. Тилекке каршы, бул маселени ишке ашырууга Өзбекстан тоскоолдук жаратты.

***

22-ноябрда жергебизге Швейцария Конфедерациясынын Президенти Дидье Буркхальтер расмий сапар менен келди. Ал эми 2-декабрда Президент Алмазбек Атамбаевдин араб өлкөлөрүнө мамлекеттик сапары башталды. 8-декабрга чейин ал Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Катар мамлекетинин жетекчилери менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келечек кызматташууларга жол ачып кайтты.

***

23-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу жөнүндөгү келишимге кол коюлуп, коомчулукта кыйла убакыт кайчы пикирлерди жараткан маселенин оңуна чечилишин Президент Алмазбек Атамбаев Жылдын башкы окуясы деп атады.

Баарыбыз байкагандай, аяктап бараткан жыл орчундуу окуяларга бай болду.

 Даярдаган Атай АЛТЫМЫШЕВ