Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин 275 орундуу кошумча корпусун курууга алгачкы капсуласы салынды. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Иш-чарага ЖК депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Дамира Ниязалиева, КРнын эсеп палатасынын аудитору Ишенбек Медетов жана өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов катышты.
Эл өкүлдөрү бул мектептин кошумча корпусун салууга эмгектери зор экендиктерин белгилешип, мектепти 1 жарым жыл ичинде курулуп бүтөөрүн айтышты.
Эске сала кетсек, кошумча корпусту куруунун жалпы сметалык наркы 74 млн 473 миң сомду түзөт жана бул боюнча тендер өткөрүлүп, ага 3 курулуш фирмасы катышкан.