пожар

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Абдрахманов көчөсүндөгү №213 дарегинде жайгашкан автоунааларга май алмаштыруучу жайдан өрт чыгып, май алмаштыруучу жайга туташ жайгашкан барак тибиндеги үйлөр да жабыр тартты, деп маалымдайт бүгүн, 27-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, аталган өрт кырсыгы 25-октябрда саат 13:00дө чыккан. Өрттүн кесепетинен май алмаштыруучу жердин 80м² конструкцияланган жайы менен чатыры күйүп кетти.

Ошондой эле, өрт май алмаштыруучу жайга туташ турган барак тибиндеги үйлөрдүн чатырына өтүп, өрттүн кесепетинен №211, №211/8 жана №211/9 батирлердин жыгач устундуу шифер жабылган чатырлары жалпы 335м² аянтта жана 135м² бөлмөнүн ичтери, кийим-кече жана буюмдар күйүп кетти.

Өрт өчүрүүгө Өрткө каршы кызматынан 31 адам, 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 18:30да өрт толугу менен өчүрүлдү.