газ

 24-октябрда президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» ААКтын төрагасы Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  А.Миллер  А.Атамбаевге компания миң куб метрин 165  АКШ долларга баалап,  Жамбул ГРЭСине 330 миллион куб метр жаратылыш газын жеткирүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады.  Бул  Казакстандан Кыргызстанга жеткирилет деп болжолдонгон  электр энергиясынын өздүк наркын  кыйла  төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Телефондук сүйлөшүүдөн кийин президент, КР Өкмөтүнө «Газпром» компаниясы кабыл алган чечимди эске алуу менен Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын жеткирүү маселесин чечүү боюнча тапшырма берди.