авария-ДТП1

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 24 жаштагы айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 18-ноябрь күнү Дэн Сяопин көчөсүндө болгон. Анда Тойота Альтеза унаасын менен келе жатып, рулду башкара албай жол жээгиндеги темир столбаны сүзүп алган. Мунун кесепетинен айдоочу каза тапкан.

Булак: super.kg