Дүйнөгө виртуалдык түрдө саякатка чыгабыз

Декабрь айынын башында Лондон жана Казань шаарларында “Teleportd” тиркемесинин сынак версиясы жарыяланат. Мунун жардамы менен каалоочулар үчүн дүйнөгө виртуалдык саякат жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу тиркемени иштеп чыккан команданын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков билдирди.
Анын айтымында, тиркеме азыркы тапта Казанда иштелип жатат. Бардык процесстер акыркы 24 саатта алынган жаңы сүрөттөр аркылуу ишке ашмакчы.
Ал эми долбоорду Казан мамлекеттик университетинде окуп жаткан кыргызстандык Эмил Шавалиев жана казакстандык Ильшат Манахов негиздеген. Бирок, аны Улуу Британия каржылап жаткандыктан, башкы мекемеси Лондондо ачылмакчы.
Ушу тапта “Teleportd” долбоорун жалпыга маалымдоо иштери жүрүп жатат.
Динар Турдугулова

Leave a Reply