Борбор калаада Ооганстандан Орусияга 3 килограммга жакын героин маңзатын алып кетип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкекте Мерседес үлгүсүндөгү унаа кармалган. Аны тинтүү учурунда аталган мекеменин кызматкерлери анын жүргүнчүсүнөн 4 желим бөтөлкө салынган баштыкты табышкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында бөтөлкөлөрдөн алынган заттын салмагы 2 килограмм 815 граммды түзүп, ал героин экендиги аныкталган.

Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: super.kg