иттер1

3-декабрда АКИpress агенттигине Бишкек ШИИББден милиция кызматкерлери иттер башын кемирип кеткен жансыз аялдын өздүгүн тактап жаткандыгын билдиришти.

102 номуруна Садовая көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен, ит адамдын башын көтөрүп келгендиги маалымдалган.

«Башты сүйрөп келген иттин ээси милицияга чалып болгон окуяны айткан. Аталган жерге келген ыкчам-иликтөө тобу, үйдөн алыс эмес жерден жансыз дененин калдыгын табышкан. Башты жана денени кароодо дене аталган жерде көп убакыттан бери жаткандыгы аныкталды»,- деп билдиришти ШИИББден.

Алдын ал маалыматтар боюнча аял суукка тоңуп каза болгон. Иттер денени таап жана башын кемирип кетишкен.

Азыркы учурда аялдын өздүгү такталууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аялдын өлүмүнүн себеби аныкталат.