олгон бала

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап каза тапкан жаран бригадирдин кайниси болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, маркумдун 1998-жылы туулган Мамбетакун уулу Жаныш экендиги аныкталган. Ал ошол жердеги бригадирдин кайниси болгон. Учурда анын өлүмүнүн себеби иликтенүүдө.

Айта кетсек, кечээ, 24-ноябрь күнү эртең менен Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан белгисиз жарандын кулап каза тапканы айтылган эле.

Булак: super.kg