маш1

Бишкек-Ош унаа жолунун Ош багытына кеткен жолдун 531-чакырымында 4-декабрь күнү саат 07:30 чамасында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны 26 жаштагы Базар-Коргондун Бактыбек аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Аны өз тилкесинен чыгып, бетме-бет келаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу келип сүзгөн. Оор жаракаттардан улам ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы айдоочусу аймактык ооруканадан каза болду. Учурда бул иш боюнча чогултулган материалдар жергиликтүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.