А.Келдибеков дарыланып бүтүп, чет жакта жөн эле жүрөт деген маалымат алынса анда издөө жарыяланат, – А.Салянова
Дарылануу үчүн чет мамлекетке чыгууга уруксат берилген Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков, эгерде дарылануудан кийин Кыргызстанга кайтып келбесе, анда ага карата издөө жарыяланат. Бул тууралуу Башкы прокурор Аида Салянова маек учурунда анын кайтып келиши тууралуу кепилдиктер барбы деген суроого жооп берип жатып, билдирди деп маалымдайт «Азаттык».
А.Салянова прокуратура кызматкерлери тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабай милдеттерин так аткаруу менен кылмыш ишин тергеп, сотко өткөрүп бергендигин белгиледи.
«Прокуратура эч кандай кепилдик берген эмес. Ооба, соттон баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, дарыланууга кетти. Жогорку Кеңеш токтом чыгарып берди. Келиши боюнча: мисалы, ал киши дарыланып бүтүп, жөн эле жүрөт деген маалыматты, медициналык кагазды алган болсок, анда издөө жарыялайбыз. Бирок, дагы эле соттун чечими аркылуу», – деди А.Салянова.
Учурда сот чечими күчүндө, деп кошумчалады ал.


Leave a Reply