Айтмамат Кадырбаев

Бүгүн Ош шаардык кеңешинин жыйындар залында  Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Комитети, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар  жана  мамлекеттик түзүлүш боюнча Комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү» аттуу  тегерек стол өткөрүлдү.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: «Бүгүн  биз талкууламакчы болуп жаткан  манилүү мыйзам долбоору  Ош шаарынын мэриясынында талкууланып  жаткандыгына ыраазычылыгымды билдирем. Бул мыйзам кабыл алынышы менен  мамлекеттик кадр кызматынын  даражасы дагы бир тепкичке жогорулап, мамлекеттик  кадр  саясатына  прогрессивдүү кадамдар  ташталууда »- деп баса белгиледи.

-Административдик жана мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү системасы  чагылдырылбагандыгы эске алынып, саясий кызматтарды мамлекеттик кызматтан бөлүүнү,  мамлекеттик кызматкерлерди конкурссуз ротация менен  кызматка жогорулатууну,  мамлекеттик кызматкерлерди карьералык өстүрүү механизимдерин  сунуштайбыз. Ошондой эле  Баалоо системасын кийирүү жана жарандык, укук коргоо, дипломатиялык, аскердик кызматтарды мамлекеттик кызматтын тутумуна кошуу, ал эми  саясий, атайын, административдик кызматка потранаттык кызмат орундарын (жардамчы, кеңешчилерди) кошууну сунуштап жатабыз.  Мыйзамдын  долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек маяналарын айрым министрликтердин  маяналарына теңдөө, мамлекеттик кызматкерлерди 3 жылда бир жолу квалификациясын жогорулатуусу шарттуу түрдө белгиленип,  статкатчылардын да статустарын  кеңейтүү каралды. Башкаруучу орган катары  мамлекеттик кызмат кеңеши аталат,- деди Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев.   «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна баяндама  жасап жатып.

Долбоорду талкуулоого ЖК депутаттары  А.Кутушев, А.Бегматов, мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилер  М.Исраилов, А.Наватова, М.Шакирова активдөө катышышып, баалуу сунуштарын  билдиришти.

Тегерек столду  Жогорку Кеңештин Решгламентти жана депутаттык этика боюнча Комитеттин төрайымы А.Алтыбаева алып  барды.

Гулжамал ЖОРОЕВА, Ош шаары