айнуру1

 Ош шаарында бүгүн, 16-февралда өтүп жаткан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтары жөнүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү» маселесине арналган «тегерек столдун» жүрүшүндө бир катар алгылыктуу сунуштар берилүү менен бирге, мыйзам долбоорунун кемчиликтери да айтылды.

Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева иш-чаранын катышуучулары тарабынан берилген сунуштардын баары эске алына турганын билдирди.

Депутат Абдыжапар Бекматов мыйзам долбоорундагы бош кызмат ордуна сынак жарыялоодо талапкерлердин тажырыйбаларын эске алуу менен, кадрлардын ишин баалоодо так талаптарды коюу зарылчылыгын белгиледи. Ал эми депутат Нурбек Касымбеков мамлекеттик кызматтагы саясий жана административдик кызмат орундары тууралуу маселе көтөрдү.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев ушу тапта саясий кызматта 604 чукул саясий кызмат орду бар экенин, мыйзам долбооруна ылайык, алардын санын эки эсеге кыскартуу менен, мамлекеттик кызматтын кесипкөйлүк мүмкүнчүлүгүн арттыруу чаралары сунушталып жатканын билдирди.

Иш-чара катышуучулары мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга карата коюлган талаптарды күчөтүү менен бирге, аны материалдык жактан жүйөлөштүрүү маселесин да кароо керектигин айтышты. Андан сырткары, мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын кызматтын туруктуулугу менен кызматкерлерди кесипкөйлүк өнүктүрүү үчүн жооп берген менеджер катары каралып жаткандыктан, алардын иш-милдетин так аныктоо талабы коюлду.

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу ролун көтөрүү, анын ичинде кадрларды окутуу, ишин баалоо чаралары каралганын белгиледи. Ошондой эле, кызматкерлердин кесипкөйлүк даярдыгына, кызматтык салымына жараша кызматтык өсүүсүн камсыз кылуу максатында, кызматтык өсүү жолун пландаштыруу түшүнүгү да киргизилип жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин демилгеси жана Кыргыз Республикасындагы демократия үчүн Вестминстер фондунун колдоосу менен өтүп жаткан иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Абдыманап Кутушев, Абдыжапар Бекматов, Нурбек Касымбеков, Майрамбек Расулов, Курманбек Өмүрбеков, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.