лимон6- лимон- лимон5- лимон4- лимон3- лимон2- лимон1-

Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Каджыр-Абад  айылынын кадырман аксакалы Искендербек Өсөров өзүнүн үй чарбагына  лимон дарактарын күнөсканада (теплицада) өстүрүп, акыркы жылдары бир топ жакшы киреше таба баштады. Азыркы күндө эки жерге атайын күнөскана куруп, лимон дарактарын өстүрүп, жемиштерин жыйнап сатууда.

-Эки жерге күнөскана  куруп, лимон дарагын өстүрүп жатамын. Биринчи күнөсканада 20 жылдык 22  түп лимон дарагы, ал эми экинчисинде 6 жылдык 24 түп  лимон дарактары асыралып, багылып жатат.  Лимон дарагы өзгөчө аяр мамилени талап кылат. Кыш кезинде суукта калтырбоо керек. Мен жерди эки метрге чейин казып, анан лимондорду олтургуздум. Жердин өзүнөн дагы ысыктын табы уруп  турат. Ал эми кышкысын жана  кыш чилдесинде күнөсканадагы мештерге жыгач таарындыларын (опилкаларды) гана жагамын. Лимон дарагы 4-6 жыл ичинде жетилип, анан түшүм байлай баштайт. Анан жылына эки ирет бутактарын кыркып туруу зарыл. Чаңдаштыруу мезгилинде аарылардан сырткары кумурскаларды  пайдаланамын,-дейт багбан Искендербек Өсөров.

Багбандын айтканына караганда, лимон дарактары жакшы түйгөн кезинде 1 тоннага жакын лимон жыйнап алууга жетишет. Багбан лимонду базарга алып чыкпайт, алармандар өздөрү келишип, жыйнап терип кетишет. Уулу  Дастан дагы атасынын жолун улантып, лимон өстүрүүгө кызыга баштады. Атасы ага өзүнчө лимон күнөсканасын куруп берген.

Өткөн  жылы багбан Искендербек Өсөров лимон сатуунун өзүнөн эле  80 миң сом таза киреше тапты. Багбан жалаң гана  лимон өстүрүү менен чектелип калбастан, пахта өстүрүү жана күрүч эгүүнү дагы кошо жүргүзүп, үйүндө койлор менен уйларды кармайт.

Жакында  айылдык фермер жана багбан Искендербек Өсөровдун күнөсканасына өкүл Жумагүл Эгембердиева, Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев жана Сейдикум айыл аймагынын башчысы Таалайбек Сатаркулов баш багышып, элеттик ишкердин учурдагы иш аракеттери менен кеңири  таанышып, баарлашып кайтышты. Айылдаштары дагы анын үйүнө бат-бат катташып, лимон  күнөсканасын куру керектигине кызыга башташты. 

 Жолдошбай ОСМОНОВ