«Москва-Бишкек» каттамында аткезчилик жол менен ташылып бараткан дары каражаттары табылды
«Северная» темир жол бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып бараткан дары каражаттарын табышты.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 20-октябрда «Каинды» станциясында эл аралык «Москва-Бишкек» каттамы менен бара жаткан №8 рейстеги поезд бажылык текшерүүгө алынган.
Кароонун жыйынтыгында, №6 вагондун купесиндеги орундуктун алдында товарлар – ар түрдүү ассортименттеги дары каражаттары салынган чарбалык чоң баштык табылган.
Алынган баштыкта Германиядан, Россия, Нидерланды, Италия, Франция, Германия, Израиль, Швейцария жана Украинада жасалган 20 аталыштагы медициналык багыттагы каражаттар жана буюмдар болгон.
Бул факты боюнча 17-ноябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) менен кылмыш иши козголду.


Leave a Reply