Куткаруучулар өмүрүнө кол салуу аракети менен Нарын дарыясына секирип кеткен 24 жаштагы жигиттин өмүрүн сактап калды
Куткаруучулар өз өмүрүнө кол салуу аракети менен Нарын дарыясына секирип кеткен 24 жаштагы жигиттин өмүрүн сактап калды.
Бүгүн, 25-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Нарын районундагы Калинин айылынын тургуну 24 жаштагы Кадырбек уулу Аскат бир туугандарына таарынып, Нарын дарыясына секирип кеткен.
Муздак суудан денесине үшүк алган А.Кадырбек уулу тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилди.
Булак : Баракелде

Leave a Reply