Аламүдүн районунда айдоочунун унаасын тартып алган кылмышкер жол-транспорт кырсыгына кабылды
Аламүдүн районунда айдоочунун унаасын күч менен тартып алган кылмышкер жол-транспорт кырсыгына кабылды.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 22-ноябрда Бишкектин 30 жаштагы тургуну саат 20:00дөр чамасында Лебединовка айылындагы Ауэзов көчөсүндө бейтааныш киши ага карата күч колдонуп, анын «Мерседес-Бенц» автоунаасын ачык эле тартып алганын билдирген.
Билдирүү түшөөр замат «Колго түшүрүү» планы боюнча бардык нарядга багыт берилген.
Белгилүү болгондой, эки сааттан кийин Ново-Покровка айылында кылмышкер ошол эле унаа менен жол кырсыгына кабылган: башкарууну жоготуп, Honda CRV унаасы менен кагышкан.
Андан кийин унааны таштап качып кетүүгө аракет жасап, бирок, Чүй ОИИБдин жол кайгуул күзөт башкармалыгынын инспекторлору тарабынан кармалган. Ал 42 жаштагы бишкектик тургун экени аныкталды.
Учурда чогултулган материалдар процессуалдык чечим чыгаруу үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү. Иликтөө иштери жүрүп жатат.


Leave a Reply