Шаардык ЖОЖдордун биринин жетекчисинин орун басары пара менен кармалды
Бишкектеги ЖОЖдордун биринин жетекчисинин орун басары өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, К.А. аттуу жарандан азыркы сессияны бүтүрүү жана аталган институтка калыбына келтирүү үчүн 25 миң сом талап кылган.
Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу жабырлануучу өзү арыз менен кайрылган.
Аталган факт Бишкек ШИИББ тарабынан катталып ошол эле күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинде каралган кылмыш белгилер боюнча кылмыш иш козголду. Бишкек ШИИББдин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан талап кылынган параны алып жаткан жеринен жетекчинин орун басары О.Ш.Т. кармалды. Кармалган аял Бишкек ШИИББ тергөө башкармалыгына иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн жеткирилди.
Булак: Баракелде


Leave a Reply